“BS company” тарабынан “Бизнес жана Коом” форуму өткөрүлдү


Үстүбүздөгү жылдын 28-апрелинде көркөм өнөр факультетинин маданият борборунда “Бизнес жана коом” аталышындагы форум өткөрүлдү. Форумга белгилүү ишкерлер жана студенттер катышты.

Ачылыш сөзүндө Студенттик иштер башкармалыгы, студенттер жана бүтүрүүчүлөр филиалынын мүдүрү Кыял Турдакунова “Мындай семинар,тренингдер студенттердин ар тараптан өнүгүүсүнө салым кошот.Ошондуктан университетибиздин жетекчилиги ар дайым бул жаатагы иш-чараларга колдоо көрсөтөт”,- деп билдирди.

Форумда “BS” компаниясынын жетекчиси Д.Назаралиев “ 21- кылымдын лидерлери”, “Тайм менеджмент” темаларынын алкагында кеңири баяндап берди.

Ал эми Тил Академиясынын негиздөөчүсү Амина Мамытбекова “ Өзүңдү өзүң жарат” темасында маек курса, “Жаш ишкерлер” ассоциациясынын төрагасы Темирбек Ажыкулов “ Бизнес жана Коом” туурасында айтып беришти. “Элим барсыңбы?” коомдук  кайрымдуулук фондунун жетекчиси Хабиб Арзыкулов “ Кайрымдуулук” темаларында ой бөлүштү.

Форумдун максаты жаш ишкер, студенттерге ар тараптуу пайдалуу маалыматтарды берүү болуп саналат.

Иш-чаранын жүрүшүндө чакан программадагы концерт орун алды.

Ошондой эле келген коноктор арасында лотерея ойнотулуп, белектер тапшырылды.

Даярдаган: Нурзат Казыбекова