“Музыка” клубунун концерти өттү


Үстүбүздөгү жылдын 3-майында Студенттик Кеңештин “Музыка” клубу тарабынан концерттик программа уюштурулду. Иш-чарага университеттин ректору, проректору, Студенттик Кеңештин жетекчилиги жана студенттер катышты.

Концертте “Музыка” клубу тарабынан кыргыз, түрк, англис, орус тилиндеги түрдүү жанрдагы чыгармалар аткарылып,  “Modern Danсe” жана  “Türk halk oyunları” бийчилер тобу өнөрлөрүн тартуулашты. Ошондой эле клуб мүчөлөрү тарабынан даярдалган видео-тасма көрсөтүлдү.

Иш-чаранын соңунда “Manas ART” клубу тарабынан кыздар акысыз мехенди тарттыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Белгилей кетсек, “Музыка” клубу 2016-жылы түзүлгөн, учурда орус тили жана адабияты бөлүмүнүн 2-курсунун студенти Кузей  Яалчындын жетекчилигинде 14 студент иш алып барууда.

Даярдаган: Адинай Курманова