Ассоль Молдокматова: Адам мен кыла албайм деген сөздү эч качан айтпашы керек


Үстүбүздөгү жылдын 4-майында белгилүү  алып баруучу Ассоль Молдокматова “Ийгиликке кантип жетебиз?” деген теманын алкагында тренинг өттү.

Тренингде алып баруучу ийгилик жолундагы тажрыйбалары менен бөлүшүп, студенттерди жашоосунда “Менин колумдан келбейт”, “Мен жасай албайм” деген сөздөрдү колдонбоого чакырды. Ал сөзүндө “Адам мен кыла албайм деген сөздү эч качан айтпашы керек. Алдына так максат коюп, аны аткаруу үчүн эмгектенүүгө тийиш”,- деп билдирди.

Мындан тышкары студенттер менен коркууну жеңүү, максатын аныктоо сыяктуу бир катар практикалык көнүгүүлөр аткарылды.

Тренингдин соңунда Студенттик иштер башкармалыгынын студенттер жана бүтүрүүчүлөр менен иш алып баруу филиалынын директору Кыял Турдакунова алып баруучуга ыраазычылык баракчасын тапшырды.

Белгилей кетсек, мындай тренингдер Бишкектеги ЖОЖдордо жана мектептерде уланат.

Даярдаган: Адинай Курманова