“Кел, түркчө сүйлөшөлү” долбоорунун коштошуу кечеси өттү


8-майда “Кел, түркчө сүйлөшөлү” долбоорунун коштошуу кечеси өткөрүлдү. Иш-чарага Окуу жайдын ректору, проректору, Студенттик кеңештин башчылары жана студенттер катышты.


“Кел, түркчө сүйлөшөлү” долбоорунун алкагында түрк тилин үйрөнүп жаткан даярдоо курсунун студенттери “Куда түшүү” жана “Экзамен учурунда” аттуу театралдык сценка көрсөтүштү. “Эс алуу күнүнө карабай, өзүлөрүнүн каалоолору менен ишемби күнү да келип окуп жаткан студенттерди көрүп сүйүндүм. Бул долбоордун ийгилигин билдирет. “Кел, түркчө сүйлөшөлү” долбоорунун бардык жетекчилерине, мугалимдерине ыраазычылык билдирем”,- деди ректор проф., док. Себахаттин Балжы.


Мындан тышкары чакан программадагы концерт менен уланып, студенттер көркөм ырларды окуп, музыкалык чыгармаларды аткарышты.
Белгилей кетсек, “Кел, түркчө сүйлөшөлү” долбоору туризм факультетинин студенти Салим Акбаштын жетекчилигинде иш алып барууда.

Даярдаган: Адинай Курманова