Укуктук сабаттуулукту жогорулатуу боюнча семинар уюштурулду


Үстүбүздөгү жылдын 17-майында “Укуктук сабаттуулукту жогорулатуу” аттуу семинар уюштурулду. Семинарды КРдин Жогорку сотуна караштуу Конституциялык палатанын судьясы Чинара Айдарбекова өтүп берди.


Семинарда Чинара Айдарбекова укуктук сабатсыздыкты жоюунун жолдорун жана сабаттуулукту жогорулатууда көңүл бурчу жагдайлар тууралуу кеңири айтып берди. “Ар бир адам өзүнүн укуктарын жакшы билсе, зомбулук, алдамчылык сыяктуу терс көрүнүштөрдөн алыс болот”,-деп билдирди.

Ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулукка каршы туруу жана бекер укуктук жардам алуу тууралуу маалымат берди. Иш-чаранын соңунда студенттердин суроолоруна жооп берип, уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдирди.

Даярдаган: Адинай Курманова