Бүтүрүүчүлөрүбүз Ардак грамота менен сыйланышты


Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин бүтүрүүчүлөрү Ардак грамота менен сыйланышты.

Коммуникация факультетинин 2007-жылкы бүтүрүүчүлөрү Акжолтой Бекболотов жана Улан Эгизбаев Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Шаршеновичтин 30-августундагы “Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата, Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарын, республиканын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана руханий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы, көп жылдык үзүрлүү эмгеги, каармандыгы жана эрдиги үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө” жарлыгы менен Ардак грамота менен сыйланышты. 

Белгилей кетсек,

Акжолтой Бекболотов Радио, ТВ жана кино бөлүмүн бүтүргөн, режиссер, оператор жана “Айтыш фильм” киностудиясынын директору.

Ал эми Улан Эгизбаев Журналистика бөлүмүнүн бүтүрүүчүсү, “Азаттык” радиосунун кабарчысы жана “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасынын алып баруучусу.

 

Кабарчы: Адинай Курманова