“M-Vector” изилдөө компаниясы студенттерди стажировка өтүүгө чакырат


    Үстүбүздөгү жылдын 21-майында “M-Vector” изилдөө компаниясынын HR-менеджери Наталья Игонина жана башкы аналитик-изилдөөчү Нургүл Маматова тренинг өттү.

    Тренингдин жүрүшүндө Наталья Игонина “M-Vector” компаниясынын ишмердүүлүгү менен тааныштырып, студенттерди  стажировка өтүүгө чакырды. Ал сөзүндө “Биз 20 жылдан бери Кыргызстандын рыногунда иш жүргүзүп келебиз. Ар бир компаниянын ийгилиги иштеген кызматкерлеринен көз каранды. Ошондуктан кызматкерлерди кабыл алууда, алардын билимине, жөндөмүнө абдан көңүл бурабыз. Мындай сапаттарга ээ жаштар силердин университетиңерде көп экенине ишенебиз”,- деп билдирди.

    Ал эми башкы аналитик-изилдөөчү, 2015-жылкы окуу жайыбыздын бүтүрүүчүсү Нургүл Маматова социалдык изилдөө жүргүзүүнүн ыкмалары жана изилдөөгө алынган социалдык долбоорлор тууралуу айтып берип, алардын жыйынтыктарын көрсөттү.  

    Жыйынтыгында студенттердин суроолоруна жооп берип, стажировка өтүүнү каалаган студенттер анкета толтуруп беришти.

Даярдаган: Адинай Курманова