“Жаз кайрыктары -2018” аталышындагы отчеттук концерт болуп өттү


Үстүбүздөгү жылдын 18-майында көркөм өнөр факультетинин маданият борборунда “Жаз кайрыктары -2018” аталышындагы  отчеттук концерт болуп өттү. Концерт окуу жайыбыздын музыка бөлүмүнүн 3-курсунун студенттери тарабынан уюштурулду.

Концерт КРнын эл артисти Рысбек Жумакуновдун   дирижерлугунда “Түрк Дүйнөсү” оркестринин ырлары менен ачылды.

Концерттик программада студенттер эки элдин элдик оозеки чыгармаларын аткарышып, “Гитара” группасынын жетекчиси Нурлан Асанканов, “Комузчулар” ансамблиннин жетекчиси Эльвира Нарынбекова менен биргеликте ырларды  аткарышты.

Жыйынтыктоочу сөзүндө көркөм өнөр факультетинин деканы, КР эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Анарбек Ибраев: “Бул отчеттук концерт силердин чоң сахнага болгон эң алгачкы кадамыңар.  Мүмкүн арабызда келечектин эл артисттери турат”,-деп билдирди.

Белгилей кетсек, мындай отчеттук концерт жыл сайын музыка бөлүмүнүн 3-курсунун студенттери тарабынан уюштурулуп турат.

Даярдаган: Нурзат Казыбекова