Коомдук илимдер институту магистратура жана докторантура


КАБЫЛ АЛУУ ШАРТТАРЫ:

1. Магистратура программасына тапшыра турган талапкердин базалык жогорку билими боюнча орточо жетишкендик баллы 4 баллдык баалоо системасы боюнча 2 баллдан жогору болушу керек. Докторантурага тапшыра турган талапкердин магистрдик жогорку билими боюнча орточо жетишкендик баллы 4 баллдык баалоо системасы боюнча 2.50 дөн жогору болушу талап кылынат.

2. Докторантура (D) программасына тапшырыш үчүн талапкер: магистрдик дипломдун; даярдоо курсунан сырткары толук 5 жылдык базалык жогорку билими тууралуу дипломдун; даярдоо курсунан сырткары толук 10 семестрдик медициналык, стоматологиялык жана ветеринардык факультеттердин бүтүрүүчүсү экенин тастыктаган дипломдун; же бакалаврдык дипломдун ээси болуп бирок Саламаттыкты сактоо министирлиги койгон талаптарга жооп берген лаборатория багытында адистиги тууралуу дипломдун ээси болушу керек. Талапкердин орточо жетишкендик баллы 4 баллдык баалоо системасы боюнча 2.50 дөн жогору болушу талап кылынат.

3. Магистратура программасында чет тил сынагы милдеттүү эмес. Бирок Кыргыз-Түрк Манас университетинин окумуштуулар кеңеши тарабынан кабыл алынган эл аралык деңгээлдеги чет тил сынагы жыйынтыгынын 15 пайызы кирүү сынагынын жалпы жыйынтыгына кошулат.

4. Докторантура (D) программасына тапшырыш үчүн талапкер университеттин Окумуштуулар кеңеши тарабынан бекитилген чет тил сынактарынын сертификаттарына ээ болуусу керек. Түркия Республикасынын Студенттерди сыноо жана жайгаштыруу борбору тарабынан өткөрүлгөн чет тил сынагынан 55 тен жогору же болбосо Кыргыз-Түрк Манас Университети Студенттерди сыноо жана жайгаштыруу борбору тарабынан өткөрүлгөн чет тил сынагынан 60 тан жогору баллга ээ болуусу, же болбосо эквиваленттүүлүгү университеттин Окумуштуулар кеңеши тарабынан кабыл алынган эл аралык деңгээлде таанылган бир чет тил сынагынан же Түркия Республикасынын Студенттерди сыноо жана жайгаштыруу борборунун чет тил сынагынан эквиваленттүү балл алуусу керек. Чет тил сынагынын баллы “Кыргыз-Түрк Манас университетинин чет тил сынактарын эквиваленттештирүү таблицасына” жараша эсептелинет. Доктордук (Ph.D) илимий багыты боюнча чет тилден адистиги болгон талапкер, чет тил сынагынан башка бир чет тил боюнча тапшырат. Чет тил сынагына кире турган КМШ (Көзкарандысыз мамлекеттердин шериктештиги) өлкөлөрүнүн жарандары орус тилинен башка чет тилден сынакка кирүүлөрү керек.

5. Магистратурага жана докторантурага (D) тапшырган талапкер; Кыргыз Республикасынын жараны болуп, Кыргыз Республикасынын жана Түркия Республикасынын жогорку окуу жайларынан башка бир окуу жайды бүтүргөн болсо, КР Билим берүү министрлигинин дипломду нострификациялагандыгы тууралуу документ көрсөтүүсү зарыл. Түркия Республикасынын жараны болуп, ТР жогорку окуу жайларынан башка бир окуу жайды бүтүргөн болсо, өз өлкөсүнүн тийиштүү мекемесинен берилген дипломдун нострификациялангандыгы тууралуу документ көрсөтүүсү керек. Башка өлкөлөрдүн жарандары КР, же болбосо ТРын тиешелүү мекемелери тарабынан дипломдун таанылгандыгы тууралуу маалымкат көрсөтүүсү зарыл.

КЕРЕКТҮҮ ДОКУМЕНТТЕР:

1. Тапшыруу анкетасы (Түркия жана башка өлкөлөрдөн тапшыргысы келген талапкерлер e-mail аркылуу байланышкандан кийин каттоо үчүн керек болгон документтерди төмөндө берилген e-mail адреси аркылуу жөнөтүшсө болот). http://manas.edu.kg интернет адресинен же болбосо институттан e-mail аркылуу алынат.

2. Магистратура программасы үчүн бакалаврдык же 5 жылдык жогорку окуу жайдын дипломдун о.э, дипломдун баалары коюлган тиркемесинин тастыкталган көчүрмөсү талап кылынат.;

3. Докторантура үчүн 5 жылдык жогорку окуу жайдын диплому жана магистрдик дипломдордун о.э, дипломдун баалары коюлган тиркемесинин тастыкталган көчүрмөсү талап кылынат.

4. Паспорттун көчүрмөсү.

5. 3x4 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт

6. ALES (Акыркы 36 ай ичинде алынган жыйынтык талап кылынат) сынагынын жыйынтыгы же болбосо ага эквиваленттүү GRE, GMAT (Акыркы 60 ай ичинде алынган жыйынтык талап кылынат) сынактарынын жыйынтыгынын оригиналы.

7. Кыргыз-Түрк Манас университетинин окумуштуулар кеңеши тарабынан кабыл алынган эларалык деңгээлдеги чет тил сынактарынын сертификаттарынын түп нускасы же тастыкталган көчүрмөсү. (англис тили, немис тили, француз тили, италиян тили, испан тили, орус тили, кытай тили, араб тили)

8. Дипломдун нострификациялангандыгы тууралуу документ (жогорку окуу жайды чет өлкөдөн бүтүргөн талапкер үчүн).

9. Каттоо үчүн 200 сом (e-mail аркылуу тапшыргандар сынактан мурун төлөш керек). 10. Өмүр баян.