Университетим – “Манас”


Университетим – “Манас”

Кыялды жүгөндөөгө болбойт ( Менин Күн жана Ай менен болгон маегим)

Манас... Ооба бул сөз ар бир кыргыздын жүрөгүндө уюган – Улуу Рух! Манас – ар бир кыргыздын ишеничи, тиреги. Ушундай улуу атты алып жүргөн окуу жайым пейилие жараша, шаардын ызы-чуусунан алыс, сыдырым соккон жели бетти аймалаган, таза абалуу, тынч, тоо этегинде жайгашкан. Бейиштин төрүндөй болгон бул окуу жайым жөнүндө анын атын, даңкын далайга жеткирген иштери жөнүнүндө бири түнкүсүн, бири күндүзү жарык чачкан Күн менен Айдан сурагым келди.

- Оо, караңгыда сүттөй тазалыкты, аруулукту тартуулаган Ай, ааламга тегиз нурун чачкан Күн, силер айткылачы?! Бул дуйнөдө силер жандуу, жансызга бирдей мамиле кылып, баарына бирдей нуруңарды чачыратасыңар. Дүйнөдө силерден өткөн калыс, адилет жок болсо керек. Менин университетим тууралуу силер эмне билесиңер?

- Мен Аймын. Ар бир жаңырган сайын мен бул жерди төбөсүнөн тиктеп турам, бардыгы көз алдымда. Университеттин босогосунан тээ төрүнө чейин жапжарык, тим эле ийне жоголсо табылчудай. Күн батып, кеч киргенде бул жерде өзгөчө бир жашоо башталат. Кечкисин шаар ичинде машиналардын ызы-чуусу күчөсө, ал эми бул жерде карылардын, жаштардын, балдардын күлкүсунө толгон кеч болот. Кандай гана керемет! Машиналардын үнүн эмес, адамдардын каткырык, кубанычтарын угуу. Мен сыяктуу шаар ызы-чуусунан тажаган элдер да, ар кеч бул жерге келип эс алышат, чуркашат же болбосо жөн гана сейилдешет. Студенттер кечкисин спорт аянтчасына чыгып, ден соолугуна кам көрүп, өзүлөрү каалаган спорт түрү менен машыгып, достору менен көңүл ачышат. Анан дагы бул жерде адамдардын бейпилдигине кам көрүшкөн кароол кызматкерлери өз иштерин талыкпастан аткарышат. Алар түнү бою кирпик какпай күзөттө турушат. Күзөтчүлөр менен биргеликте студенттердин коопсуздугу үчүн түнү бою иштеген кызматкерлер да бар. Алар күнү-түнү студенттердин ден-соолугуна кам көргөн докторлор жана жатакана көзөмөлдөөчүлөрү. Мен бул кызматчыларга көз кырымды салып турам да, аларга баа берем. Анткени түн ичинде бардыгы уйкуда болгондо бул адамдар уктабастан өз ишин аткарып жүрүшөт. Түн караңгылап саат жебеси он экини какканда бардык студенттер жатаканага киришет, жарык өчөт, бардыгы таттуу уйкунун кучагына чөмүлүшөт. Анан айланада жымыраган тынчтык өкүм сүрө баштайт. Бардыгынан да бул жерде менин ыраазы кылган дагы бир нерсе, эч ким, эч качан бул жымыраган тынчтыкты бузбайт. Бул жерге темирдей бекем тартип түбөлүккө орноп калгандай... Мен канчалаган жерлерди көрүп жүрсөм да, бул жердин сулуулугуна, меймандостугуна, кичипейилдигине бардыгынан да өз ишинин так аткарылышына суктанам... Менин көргөнүм ушул, күндүзгүсүн биле албадым, - деди Ай муңайым үлбүрөп.

- Менин көргөнүм сеникинен көбүрөөк, - деди Күн. Мен өзүм таң атып чыккандан батканга чейин баардыгына күбө болуп карап турам. Мени бул жерде эң биринчи тозуп, ниет кылып, тилегин айтып, мени күтүп, таңды тозгон студенттер арбын. Мен үчүн алардын тилектерине тилектеш болуп таң атырыш – бакыт... Уйкудан ойгонгон соң, бардыгы сабактарына жөнөшөт. Ар биринин бир нерсеге жетсем экен, үйрөнсөм экен деп көздөрүндө жанып турган тилектерин, үмүттөрүн көрүп, мен ан сайын нурумду төгүп, чачкым келет.

Университеттин локомотиви мыкты мугалимдер деп бекринен айтылбаса керек. Анын сыңарындай бул жерде өз ишин мыкты билген мугалимдер иштээрин мен абдан жакшы билем. Себеби мен булардын ар биринин мыкты иштерине өзүм күбөмүн. Ошондуктан мен алар жөнүндө калыс сөзүмдү айтайын. “Мыкты мугалимдин сабагында окуучулардын колу иштен, башы ойдон бошобойт” дегендей, булар өз ишин мыкты билген адистер. Сабактарды жаңы технологиялар менен өтүшүп, ар бир студенттин мыкты билим алышына шарт түзүшөт. Эгерде бул окуу жайды бүтүрүп чыккан канчалаган мыкты адистер көп болсо, бул окутуучулардын эмгеги экенин айтып коёюн. Мугалимдер ар дайым карагылды как жарган калыстыгынан тайбай, ар бир студентке калыс карашат, баалашат. Баса, мен бул окуу жайдан башкалардан айырмаланып турган өзгөчөлүгүн байкадым. Окуу жайда сынактарды пара берип бүтүрүү, билимди сатып алуу деген акылга сыйбай турган көрүнүш. Бул жерде мугалим окутууну , ал эми студент окууну гана ойлонот. Башкача айтканда, студенттердин алдыга койгон бир гана максаты бар, мыкты билим алуу, бир кесиптин ээси болуу. Башка ой да, санаа да, муктаждык да жок экендигине ынандым. Мен бул жерден Кыргызыстандагы бардык окуу жайлар коррупцияга малынган деген кептерге каршымын. Кыргыз-Түрк «Манас” университети сыяктуу таза, акыйкат билим берген окуу жайлар бар экенин жар салгым келет. Мен бул сөздөрүм менен башка университеттерди жамандайын деген ойдон алысмын. Тек гана башкалар бул жерден үлгү алышса деген ойдомун.

Бул жерде мыкты окуган студенттерге стимул бериш үчүн эң жогорку стипендия берилерин көрүп таң калдым. Салыштырып көрсөм, мен көргөн бир дагы окуу жайда мындай өлчөмдөгү стипендия берилбейт экен. Анан бардыгынан эң негизгиси билим берүү – бекер.

Бул болсо Кыргыз – Түрк “Манас” университетинин эң башкы максаты – бир гана мыкты билим берүү жана мыкты адистерди даярдап чыгаруу экендигин далилдеп турат. Ушундай окуу жайдын болушу Кыргызстан үчүн өтө маанилүү экендигин ким тана алат?

Бул жерде бардыгы өз ишин так, туура аткарат. Иш мыкты жолго салынган. Ушул жерден мен “ каруусун казык, башын токмок” кылып иштеген ушул окуу жайдын жетекчиси Себахаттин Балжы агайга ыраазы болдум. Кол алдында кызмат кылган мугалимдерге да, билим алып жатышкан студенттерге да, иштеп жатышкан кызматкерлерге да “өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк” болуп, жанын үрөп иштеп келет.

Бул окуу жайына кабыл алуу дагы ачык-айкын өтөт экен. Кыргыздын канына сиңип калган тааныш-билиш, кыргызчылык деген нерселердин жок экени таң калтырат. Университетке өткөндөрдүн да, өтпөй сынактан кулап калгандардын да нааразычылыгын байкай албадым. Тигил тарапта, бул тарапта сынактардын ачык-айкын өткөнүн айтып кетип жатышат. Ата-энелер өз ыраазычылыгын, баталарын берип кетип жаткандарына канча жолу күбө болдум. “Жамгыр менен жер көгөрөт, бата менен эл көгөрөт” дегендей, “Манас” университетинин келечеги кең экендигин айта алам,- деди Күн сөзүн бүтүрүп.

- Ооба, бул айткандарыңар чындык. Силердин айткандарыңардан кийин менин айта турган сөздөрүм деле жок калгансыды. Менин окуу жайым жөнүндө калыс, адилет пикириңерди билдиргениңер үчүн ыраазычылымды билдирем. Ошондой болсо да, мен дагы силерге өз башыман өткөн окуямды айтып берейин. Бир жолу Бишкектин ар кайсы окуу жайларында окуган курбуларым менен жолугуп, “Кимдин окуу жайынын кандай артыкчылыктары бар, кимдики мыкты?” – деп талаша кеттик. Көрсө, көпчүлүк окуу жайларында менин университетимдегидей шарт түзүлбөптүр. Менин айткандарым аларга жомок сыяктуу туюлду. Биздин окуу жайыбызга студенттердин билим алуусу үчүн түзүлгөн шарттарды, жатакананын абалын, керек болсо жууркан-төшөгүбүзгө, тамак-ашыбызга чейин белендеп, ден соолугубузга чейин кам көрөөрүн, психологиялык кеңеш борбору бар экендигин ж.б. толгон-токой түзүлгөн шарттарды айтып түгөтө албадым. Ар нерсени курбуларыма айтып берип жатып, мен бир нерсени түшүндүм. Окуу жайда окуп, жашап, суусун ичип, тузун татып, ата-энебиздикиндей камкордукту, тарбияны аларыбызды жана кудум университеттин эрке балдарындай эле өмүр сүрөрүбүзгө ынандым. Курбуларым менен маектешип отуруп, мени көпкө чейин ойлондурган кептерди да уктум. Алардын ойлору жумуш табыш керек, иштеш керек, акча табыш керек, контрактты төгүш керек, сессияларды жабыш керек деген сыяктуу сөздөрдү угуп боорум ачыды. Билим алабыз, окуйбуз деп мен сыяктуу эле келген досторумдун билим жөнүндө болгон таптаза түшүнүктөрү бир жылдын ичинде өзгөрүп кетиптир. Алар кантип паракорчулуктун сазына кирип баратканын сезишпесе керек. Анткени бардык нерселердин башаты билим го. Ишенесиздерби, мен биринчи жолу ошол жерден “развод” (экзамендерди акча берип бүтүрүү) деген сөздү уктум. Ал эмне деп сурасам, мага таң калышты. Мен так ошол жерде, ошол убакта университетимдин баркын билдим. Бардыгына бизде андай түшүнүк жок деп жар салгым келди.

Ал эми мен өзүм студент катары материалдык гана эмес, моралдык бир өзгөчөлүк таптым. Көрсө, “Манас” университетинде окуган студенттердин окууга, жашоого, келечекке болгон көз карашы таза, тунук экен. Ушундай окуу жайдан билим алууну ким каалабасын?! Өркүндөп өсө бер, менин алтын уям! Менин университетим ар бир студенттин ишке ашкан кыялы болуп кала беришине тилектешмин... 

Сатылканова Нурайым гуманитардык факультеттин түркология бөлүмүнүн бүтүрүүчүсү