Студенттер чет өлкөдө стажировка өтүп келишти


14-октябрда Туризм жана мейманкана иштетүү жогорку мектебинин студенттери Турция жана Германияда өткөн стажировкалары тууралуу презентация жасашты. Ал аталган жогорку мектептин мугалимдери жана студенттеринин катышуусу менен өткөрүлдү.

Студенттер Турция менен Германиянын белгилүү мейманканаларында ашпозчу, официант, гид болуп беш айга чукул стажировка өтүп, баа жеткис тажрыйбаларга ээ болуп кайтышты. Иш-чарада алар  тажрыйбалары менен бөлүшүп, кызыктуу күндөрүнөн айтып беришти. Мындан тышкары иш учурундагы жана саякат учурундагы тартылган видеолорун жана сүрөттөрүн көрсөтүштү. 

Белгилей кетсек, жыл сайын Туризм жана мейманкана иштетүү жогорку мектебинин студенттери стажировкаларын Турция менен Германиядан өтүп келишет.  

Кабарчы: Адинай Курманова