Эмне үчүн ийгиликтүү адамдар спорт менен машыгышат?


Үстүбүздөгү жылдын 27-сентябрында университетибизде "Тонус" коомдук фондунун директору Урмат Насыкулов "Эмне үчүн ийгиликтүү адамдар спорт менен машыгышат?" деген темада семинар өттү.

Семинардын жүрүшүндө спорт менен машыгуунун канчалык маанилүү экендиги, артыкчылыктары жана машыгууну кантип, эмнеден баштоо керектиги жөнүндө сөз болуп, студенттерге пайдалуу кеңештер берилди.

Андан соң, “Мол Булак Күз-Деми” марафону боюнча кыскача маалымат берилип, өткөрүлгөн марафондордун отчеттук видеолору көрсөтүлдү. Жакында өткөрүлө турчу марафондо 2000ге жакын катышуучу боло тургандыгын белгилеп, биздин университеттин студенттерин дагы катышууга чакырды. Студенттерибиздин кызыккан суроолоруна жооп берилип, айрымдарына атайын даярдап келген белектерин ыйгаруу менен семинар жыйынтыкталды.