Өзбекстан Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 27 жылдыгын белгилөө аземи


Үстүбүздөгү жылдын 26-сентябрында университетибиздин өзбекстандык студенттери Өзбекстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин чакыруусу менен Өзбекстан Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 27 жылдыгын белгилөө аземине катышып келишти.

Азем мыкты маанайда өттү. Куттуктоо сөздөрү айтылгандан кийин атайын даярдалган чакан концерт көрсөтүлдү. Эскерте кетсек, университетибизде учурда 14 мамлекеттен келген студент билим алат. Алардын 87 өзбекстандык студенттер түзөт.