2018-2019-окуу жылынын ачылыш аземи өткөрүлдү.


1-октябрда университетибиздин маданият борборунда жаңы 2018-2019-окуу жылынын ачылыш аземи болуп өттү. Аземге университетибиздин жетекчилиги, академиялык жана административдик кызматкерлер, студенттер жана атайын чакырылган коноктор катышты.


Аземде эки өлкөнүн гимни аткарылып, окуу жайдын таанытуу тасмасы көрсөтүлдү. Ачылышта куттуктоо сөздөрү айтылып, кече концерттик программа менен жыйынтыкталды.