“Диний экстремизмге каршы туруу, терроризмди жана улуттар аралык чыр-чатакты алдын алуу” аттуу семинар


4-октябрда Теология факультетинде диний экстремизмге каршы туруу жана улуттар аралык чыр-чатакты алдын алуу аттуу семинар болуп өттү. Университетибиздин студенттери катышкан бул семинарды Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу дин иштери боюнча комиссиясынан келген өкүлдөр өткөзүштү.


Семинарда диний экстремизм, терроризм түшүнүктөрү түшүндүрүлүп, ага каршы туруунун жана алдын алуунун мааниси, жол-жоболору айтылды. Семинардын максаты, студенттерге экстремизмдин, терроризмдин, улуттар аралык чыр-чатакты алдын алуу жана аталган темалардын маанилерин туура түшүндүрүү болду.


Семинар студенттердин кызыккан суроолоруна жооп берүү жана пикир алмашуу менен аяктады.