Даярдоо курсунун студенттери экскурсияга барышты


Үстүбүздөгү жылдын 6-октябрь күнү чет өлкөдөн келип билим алып жаткан даярдоо курсунун студенттери “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине жана “Ала-Арча” жаратылыш паркына саякат кылып кайтышты.


Экскурсия 2018-2019-окуу жылынын “Багыттоо” программасынын алкагында уюштурулду.
Алгач студенттер “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине саякат жасашып, анын тарыхы тууралуу кенен маалымат алышты. Мындан тышкары улуу инсандардын жаркын элесине куран түшүрүлдү. Кийинки саякаттоо “Ала-Арча” жаратылыш паркында уланды.
Иш-чарага университетибиздин ректору проф., док Себахаттин Балжы баш болгон административдик жетекчилер жана 180 студент катышты. Университетибиздин ректору проф., док Себахаттин Балжы студенттердин окууларына ийгилик каалады.


Белгилей кетсек, саякаттоо иш-чарасы Студенттик иштер башкармалыгынын Студенттер жана бүтүрүүчүлөр менен иш алып баруу филиалы тарабынан жыл сайын окуу жылынын башында жүргүзүлгөн багыттоо программаларынын алкагында уюштурулуп келет.