“Студенттик кеңеш деген эмне? “ аталашандагы семинар


Үстүбүздөгү жылдын 10-октябрында Экономика жана Башкаруу факультетинин имаратында “Студенттик кеңеш деген эмне?” аталышындагы семинар болуп өттү. Семинарга университеттин ар бир бөлүмүнөн шайлоонун негизинде тандалган өкүлдөр жана башка студенттер катышышты.


Студенттик кеңеш кандай бирикме болгондугу,эмне функция аткара тургандыгы жөнүндө кенен маалыматты Студенттик кеңештин мурунку башчысы Сүйөркул Бейшенбеков айтып берди. Ал өз сөзүндө : “Кеӊеш университет жана студенттер арасындагы байланышты түзүү менен, студенттердин демократиялык түрдө университетти башкаруусуна катышууну камсыз кылат. Студенттердин ар түрдүү көйгөй жана маселелерине баа берип, ишке ашыруу сыяктуу маанилүү миссияга ээ”,-деп билдирди.


Мындан тышкары,Студенттик кенешке шайлоо кандай өтөрү жана ар бир талапкер кандай сапаттарга ээ болуу керектиги тууралуу Cтуденттик иштер башкармалыгы Студенттер жана бүтүрүүчүлөр менен иш алып баруу филиалынын мүдүрү Кыял Турдакунова маалымат бере кетти: “Азыркы учурда идеясы жок адамга талап жок. Ошондуктан,ар дайым бир нерсени жаратууга,өзгөртүүгө аракет кылгыла жана ар дайым өзүңөргө ишенгиле”,-деди Кыял Турдакунова.


Белгилей кетсек, университеттин Окумуштуулар кеӊешинин 2001-жылдын 1-мартындагы №34-чечими менен Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин “Студенттик Кеӊеши жана студенттик клубдардын иш алып баруусу боюнча инструкция” кабыл алынган. Ошол документтин негизинде Студенттик кенеш 17 жылдан бери өз ишин аткарып келе жатат.

 

Даярдаган:Акымбаев Алтынбек