“Megacom” экинчи жолу жеңиште


20-октябрь күнү “Манас CUP-2018”футболдук турниринин финалдык беттеши болуп өттү. Таймашта финалга жолдомо алган “Megacom”, ЭлТР, КТМУ жана Жеке иш берүүчүлөр ассоциациясы күч сынашышты.

Күчтүү атаандаштыктын жыйынтыгында 3-орунду Жеке иш берүүчүлөр ассоциациясы, 2-орунду КТМУ командасы багындырды. Ал эми бул турнирде Megacom”командасы чемпион аталды.
Сыйлоо аземинде университеттин ректору проф., док Себахаттин Балжы турнирге катышкан командаларга ыраазычылык билдирип, бул турнир бүтүрүүчүлөр жана мекемелер менен тыгыз байланышта болуунун эң жакшы жолу экендигин айтып өттү.

2-3-орундун ээлерине сыйлыктарды окуу жайдын проректорлору тапшырышты. Ал эми кубокту жеңүүчүлөргө ректор ыйгарды.


Эскерте кетсек, салтка айланган “Манас CUP- 2018 “футболдук турниринде “Megacom”командасы экинчи жолу жеңишке жетишти. Бул команда уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, белектерин беришти.

Кийинки жылы турнир сентябрь айынын экинчи жарымынын аягында уюштурулаары пландалууда.

Даярдаган :Мелис кызы Луиза