Өзбекстандын элчилиги менен жолугушуу


24-октябрда Социалдык курулуштар имаратында Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилигинен кеңешчи-консул Бобомурод Абдулхаев мырза университетибизде окуган Өзбекстандык студенттер менен чогулуш өткөрдү.


Чогулушта Өзбекстан жарандарынын паспорттук иши талкууланып, чет өлкөдөн келген студенттер үчүн өлкөбүзгө кирип чыгуудагы эрежелер жана укуктар тууралуу маалымат берилди. Аны менен бирге студенттер кызыккан суроолоруна жооп алышты.


Андан соң эл аралык студенттер кординаторлугуна өлкө өкүлү шайлоосу уюштурулду. Өзбекстандык студенттердин өкүлү болуп шайланууга жалпы 5 студент өз талапкерлигин коюшту.

Жыйынтыгында көпчүлүк добуш менен 2018-2019-окуу жылында Өзбекстандык студенттердин өкүлү болуп, Гүлнур Ибрагимова шайланды.


Жыйындын соңунда куттуктоолор айтылып, программа жалпы сүрөткө түшүү менен аяктады.

Даярдаган: Аксаамай Назарбай кызы