Туркия мамлекетинин эгемендүүлүгүнө 95 жыл


Үстүбүздөгү жылдын 26-октябрь күнү университетибизде Түркия мамлекетинин эгемендүүлүгүнүн 95 жылдыгын куттуктоо кечеси болуп өттү. Иш-чара көркөм өнөр жана коммуникация факультеттери тарабынан уюштурулуп, университетибиздин жетекчилигинин, жалпы академиялык жана административдик курамынын, студенттердин жана коноктордун коштоосунда белгиленди.


Кече Түркия мамлекетинин негиздөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрктүн урматына бир минуталык эскерүү жана эки өлкөнүн гимнин аткаруу менен ачылып, др. Женгиз Буяр тарабынан «Cumhuriyetin ilanı» аттуу доклад окулду. Андан соң «Түрк дүйнөсү» оркестринин коштоосундагы чакан концерттик программага да орун берилди.


Мамлекеттин эгемендүүлүк күнүн куттуктоо сөзүндө ректор, проф.,док. Себахаттин Балжы «Бул жалгыз гана Түркия мамлекетинин майрамы эмес, жалпы түрк тилдүү өлкөлөрдүн майрамы, эгемендүүлүгү, жеңиши. Бизге азыркы жакшы шарттарды түзүп беришти, эми алардын үмүтүн, ишеничин актоо биздин милдетибиз»,-деди.


Эскерте кетсек, Түркия мамлекети 1923-жылдын 29-октябрында эгемендүү мамлекет катары жарыяланган.

Даярдаган:Мелис кызы Луиза