Кино көрүү менен англис тилин үйрөнүү


26-октябрь күнү Эл аралык мамилелер клубу менен Компьютердик клуб биргелешип, “Moviе Club” программасынын негизинде кино кечесин өткөрүштү. Үч кино сунушталып, анын ичинен сурамжылоонун негизинде “Apple”компаниясынын түзүүчүсү Стив Джобс жөнүндө кино  көрсөтүлдү.

Кино студенттерге мотивация берүү, пайдалуу маалыматтарды, технологияны үйрөнүү жана эң негизгиси англис тилин үйрөнүүгө жардам берүү максатында жума сайын өткөрүлүп турат. Кино англис тилинде көрсөтүлүп, орусча субтитр менен коюлат.

Эскерте кетсек, Компьютердик клуб  жакында маалымат технологиясы жөнүндө семинар өткөзмөкчү.

Даярдаган: Аксаамай Назарбай кызы