Өлкө өкүлдөрү аныкталды


Эл аралык студенттер кординаторлугуна 2018-2019-окуу жылы үчүн Өлкө өкүлдөрүн шайлоо 24-31-октябрь аралыгында болуп өттү.

Шайлоонун жүрүшүндө талапкерлер сөз сүйлөп, алдыда аткара турган иштери менен тааныштырышты. Шайлоо жабык түрдө өтуп, студенттер өз өлкөсүнүн өкүлдөрүн шайлашты.

Иш-чаранын жүрүшү төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлүп,жыйынтыктар көрсөтүлдү.
24-октябрь. Гүлнур Ибрагимова (Өзбекстан)
25-октябрь. Афрасяд Рагхистани (Афганистан),Серажаддин Эрсави (Түркменистан)
26-октябрь. Хасанов Шамшер (Тажикстан), Жамол Абдурахманов (Россия)
29-октябрь. Элмир Аллахвердиев (Азербайжан),Раиса Эрланбек (Монголия)
30-октябрь. Али Ибрагимов (Казакстан)
31-октябрь. Батухан Атеш (Түркия), Айбек Темирбеков (Кыргызстан)


Эскерте кетсек, Координаторлук 2015-жылдын февраль айында ректорлук тарабынан түзүлгөн. Максаты-университетибизде билим алып жаткан чет элдик студенттердин илимий, социалдык, спорттук, маданий жана билим багытындагы иш-чараларга активдүү катышуусуна көмөк көрсөтүү, боордош өлкөлөрдүн маданиятын жана өз маданиятыбызды таанытуу. Координаторлуктун иши Студенттик иштер башкармалыгы Студенттер жана бүтүрүүчүлөр менен иш алып баруу бөлүмүн тарабынан жүргүзүлүп келет.


 

Даярдаган: Аксаамай Назарбай кызы