Назарбаев университетинин таанытым семинары


3-октябрь күнү КТМУнун Экономика жана Башкаруу факультетинин имаратында Казакстан Республикасынын Назарбаев университетинин таанытым семинары болуп өттү. Семинарды Назарбаев университетинин чет элдик студенттерди кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Гүльден Шокатова алып барды. Ал окуу жай тууралуу кеңири маалымат берип, студенттердин суроолоруна жооп берди.

"Назарбаев” университети Казакстандагы "изилдөө университети" макамын алып жүргөн бирден-бир университет жана заманбап технологиялар менен жабдылган, студенттер үчүн баардык шарттар түзүлгөн жогорку окуу жай. Азыркы учурда дүйнөнүн 55 мамлекетинен келген 456 окутуучу эмгектенип, 4852 студент билим алып жатат",-деп билдирди университеттин өкүлү Гүльден Шокатова.

Белгилей кетсек, Назарбаев университети 2010-жылы 7-июнда Казакстан Республикасынын Елбасы Нурсултан Назарбаевдин демилгеси менен негизделген.Окуу жайда билим берүү англис тилинде жүргүзүлөт.

Даярдаган: Акымбаев Алтынбек