Окуучуларга университетибизди таанытуу иш-чарасы


Үстүбүздөгү жылдын 6-октябрында алыскы Ош облусунун Ноокат районуна караштуу “Ноокат-Билимкана” мектеп-гимназиясынан келген 50дөй окуучу университетибизге саякат жасашып,таанышып кайтышты.


Мектеп окуучулары жана аларды баштап келген куратору менен бирдикте К.Тыныстанов жыйындар залында таанытуу иш-чарасы болуп өттү.Алгач университет тарабынан даярдалган окуу жайдын таанытуу тасмасына күбө болуп, андан соң университетибиздин шарттары тууралуу кеңири маалымат берилди.


Чогулуштун соңунда окуучулар кызыккан суроолоруна жооп алып, университет тууралуу ой-пикирлерин билдиришти.

Даярдаган: Акымбаев Алтынбек