Мустафа Кемаль Ататүрктү эскерүү күнү


Үстүбүздөгү жылдын 10-ноябрында Түркия мамлекетинин негиздөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрктү эскерүү күнү өттү. Түркия мамлекетинин Кыргызстандагы элчилиги тарабынан уюштурулган иш-чарага университетибиздин жетекчилиги академиялык жана административдик курамы, Студенттик Кеңеш башкармалыгы жана студенттерибиз катышты.

Иш-чара Ата-Түрк жаратылыш паркында Мустафа Кемал Ататүрктүн элесине бир минуталык эскерүү жана эстелигине гүл коюу менен башталды. Андан соң бардык катышуучулар элчиликке чакырылып,  эскерүү ырлары, көркөм окуулар дагы орун алды. Саат 09:05 өткөндө Түркия мамлекетинин гимни ырдалып, желеги түшүрүлдү.

Ошондой эле Түркия мамлекетинин Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат  бардык катышуучуларга раазычылыгын билдирип, Мустафа Кемал Ататүрктүн жасаган эмгектери, эрдиктери боюнча маалымат берүү менен иш-чараны жыйынтыктады.

Даярдаган: Мелис кызы  Луиза