“Асыл ой, ак сөз, адал иш семинары”


Үстүбүздөгү жылдын 20-ноябрь күнү университетибиздин маданият борборунда акын, жазуучу, публицист, коомдук ишмер, «Ыйман» фондунун жетекчиси Нуржигит Кадырбековдун “Асыл ой, ак сөз, адал иш” семинары болуп өттү. Семинар Студенттик Кеңештин Инсандык өнүгүү клубу тарабынан өткөрүлдү.

Нуржигит Кадырбеков:  “Бардык нерсени өз ордуна келтирсе болот, бирок убакыт эч качан артка жылбайт”,-деди.  Жаштарга өзүнүн турмуштук тажрыйбасынан бөлүшүп: “Биз аз эл болсок да, максаты бийик эл болушубуз керек”,-  деген сөздөрү менен кечени жыйынтыктап бардык катышуучуларга убакытын бөлүп келгендиктери үчүн ыраазычылык билдирди.

Даярдаган: Мелис кызы Луиза