Кош келдиң хазырлык


23-ноябрь күнү Студенттик Кеңеш тарабынан коммуникация факультетинде 2018-2019-окуу жылынын даярдоо курсунун студенттерине арналган «Кош келдиң хазырлык» кечеси уюштурулду.

Кече эстрада ырчылары Мирбек Атабеков, Кайрат Примбердиев, реппер Джая Миядзаки жана Элдик Эшимбековдун алып баруусунда өткөрүлдү.  Андан сырткары ар түрдүү оюн-зооктор көрсөтүлүп, оюндар ойнотулду.

Ошондой эле жеңүүчүлөр ар кандай сертификаттар, белектер менен сыйланып, баш байгеге коюлган XIAOMI REDMI NOTE 5 телефону да өз ээсин тапты.

Кече атайын даярдалган салюттардын асман бетин кооздоосу менен жыйынтыкталды.

Даярдаган:Мелис кызы Луиза