Кайрымдуулук тамак-аш жарманкеси өткөрүлдү


19-октябрда Коммуникация факультетинин студенттери кайрымдуулук тамак-аш жарманкесин уюштурушту. Жарманке ректор, проф., док. Себахаттин Балжы, проректор проф., док.  Анварбек Мокеев, окутуучулар менен студенттердин катышуусунда өткөрүлдү. 

Жарманке онкологиялык оору менен жабыркаган балдарга жардам көрсөтүү максатында уюштурулган. Анда  окутуучулар менен студенттердин колунан жасалган боорсок, каттама, самсы, сыяктуу даамдар менен бирге салаттар жана таттуулар  сатыкка коюлду. Жарманке эки саатка созулуп, андан 19450 сом чогулду. Топтолгон акча каражат онкологиялык оору менен ооруган балдарга жардам катары берилет.

Белгилей кетсек, өткөн жылы дагы тамак-аш жарманкеси өткөрүлүп, андан түшкөн 17000 миң сомго онкологиялык ооруканадагы балдарга  дары-дармек алынып берилген. 

 

                                                      Кабарчы: Адинай Курманова