Кыргыз Түрк Анадолу Кыздар кесиптик мектебинде таанытуу иш-чарасы


22-ноябрда университетибиздин таанытуу иш-чараларынын алкагында проректорлорубуз проф.,док. Анварбек Мокеев, проф.,док. Хусейн Өгүт, Студенттик иштер башкармалыгынын Студенттер жана Бүтүрүүчүлөр менен иш алып баруу филиалынын жетекчиси Кыял Турдакунова, Студеттик кеңештин төрагасы Нурсултан Абдимиталип уулу жана анын орун басары Месут Жан Бинзет Кыргыз Түрк Анадолу Кыздар кесиптик мектебинде болуп кайтышты.


Таанытуу иш-чарасында проректор проф.,док Хусейн Өгүт университетибиздеги шарттар тууралуу сөз сүйлөдү.

Проректор проф.,док. Анварбек Мокеев болсо, университетибизге өтүү экзамени жөнүндө ар тараптуу маалымат берип, окуучулардын суроолоруна жооп берди.


Кыял Турдакунова, Нурсултан Абдимиталип уулу, Месут Жан Бинзет университетибиздеги клубдарынын маданий, спорттук иштери жана www.students.manas.edu.kg студенттик сайтынты тууралуу кеңири маалымат беришти.


Эскерте кетсек, ушул сыяктуу таанытуу иш-чаралары Студенттик иштер башкармалыгынын Студенттер жана Бүтүрүүчүлөр менен иш алып баруу филиалы тарабынан уюштурулуп келет.