Жакшылык жаратканга жакындатат


Көркөм өнөр факультетинин 2-курсунун студенти Алдабекова Зуурага арналган кайрымдуулук концерти 28-ноябрь күнү университетибиздеги Маданият борборунда болуп өттү. Концерт Ак-Ниет кайрымдуулук клубу тарабынан уюштурулуп, ага Студенттик Кеңеш, Билим комитети, Инсандык өнүгүү клубдары жана Жаш маркетингчилер колдоо көрсөтүштү. Кеченин коноктору Чолпон Талипбекова, Баястан, Бек Исраилов, Тамга, Ага-Ини, Мурат Иматов, Азат Садыков жана башка ырчылар болушту.

Иш-чара «Манастын кыздары» бийчилер тобунун бийи менен ачылып, Көркөм өнөр факультетинин деканы сөз сүйлөдү.Ал өз сөзүндө: “Бул кыз өзүнүн күчтүүлүгүнүн, өз кесибин сүйгөндүгү менен дартын жеңип келе жатат. Буюса дагы да сиздердин ушундай колдооңуздардын артында анын чыгармаларын, комузда ойногонун угабыз деген ишеничтемин”,-деди. Андан соң Студенттик Кеңештин төрагасы жана орун басары да сөз сүйлөдү.

Университетибиздин таланттуулары өнөрлөрүн тартуулашып, келген коноктор даярдап келген номерлерин аткарышты. Аны менен бирге Зуураны колдоп келген Кыргыз азиздер коомунун мүчөсү Сүйдүмкан Кабылова да атайын келип ыр тартуулады. Концерттин аягында Зууранын апасы кайрымдуулук жасап жаткандарга ыраазычылыгын билдирди.

Аны менен бирге Ак-Ниет кайрымдуулук клубунун жетекчиси Аскар Акимов катышуучуларга, уюштуруучуларга ыраазычылыгын айтты. Ал жалпы каражат 25819 сом болгондугун билдирген. Эскерте кетсек, буга чейин да Зуура Алдабековага арналган ар кандай жарманкелер уюштурулган.

Даярдаган: Аксаамай Назарбай кызы