Бүгүн бизде поэзия


Үстүбүздөгү жылдын 27-ноябрь күнү К.Тыныстанов жыйындар залында “Бүгүн бизде поэзия” аталышындагы кече болуп өттү. Иш-чара Студенттик Кеңештин Инсандык өнүгүү клубу тарабынан уюштурулду.

Поэзиялык кечени Нурсултан Абдимиталип уулу ачып берип, Студенттик кеңеш ар дайым студенттер демилгелеген ар түрдүү иштерди колдоп, жардам көрсөтөөрүн айтты. Кече жандуу фортепианонун коштоосунда башталып, алгач өмүр, жашоо туурасындагы ырларга орун берилди.

Андан соң махабат, сүйүү темасынын алкагындагы ырлар көркөм айтылып, соңку бөлүгүндө ата-эне, эне тил, мекен тууралуу патриоттук ырлар аткарылды. Иш-чаранын демилгечиси Бостонбек Бабаев:”Бүгүнкү күндө жаштарда жан дүйнө азыгы, руханий байлыктын булагы болгон-поэзия жетишпей тургандыгы байкалууда. Андыктан, студенттерге руханий азык тартуулоо максатында университетибиздин активдүү студенттери жана “Инсандык өнүгүү” клубунун мүчөлөрү менен биргеликте ушундай өнүттөгү иш-чараны уюштурдук”,-деп билдирди.

Белгилей кетсек,поэзиялык кечеге ар башка факультетте билим алып жаткан 20га жакын студент катышып,ырларды көркөм окушту.

Даярдаган: Акымбаев Алтынбек