Коммуникация факультети жаңы окуу жылын ачты


19-октябрда коммуникация факультетинин 2016-2017-oкуу жылынын ачылыш аземи болуп өттү. Ачылыш аземине ректор, проф., докт. Себахаттин Балжы, проректор проф., докт. Мехмет Башбу, коммуникация факультетинин деканы Проф.,докт. Хамза Чакыр, факультеттин жалпы мугалимдер жамааты жана студенттери катышты.

 Алгач декан проф.,докт. Хамза Чакырга жана ректорубуз Проф.,докт. Себахаттин Балжыга сөз берилди. Андан соң факультеттин мугалимдер жамааты тааныштырылып, ачылыш сабагын Кайрат Иманалиев өтүп берди. Ал: “Манас университетинин студенттери бактылуу, анткени бул жерде эки өлкөнүн мыкты мугалимдери  билим берет, мындан тышкары бул жерде билим алууга баардык мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Андыктан мүмкүнчүлүгүңөрдү туура пайдалангыла”, -деди.

 Ошондой эле китепкана жана иш кагаздары башкармачылыгы жетекчиси Максатбек Ынакбеков да китепкана тууралуу кыскача маалымат берди.

Иш-чара концерттик программа менен уланып, андан  соң  коммуникация факультетинин 3-курсунун студенти Арстан Дукуевдин сүрөт көргөзмөсү өткөрүлдү. Арстан Дукуев конокторго сүрөттөрү тууралуу кыскача айтып берди. Кошумчалай кетсек көргөзмөдө анын жалпы 50 гө жакын сүрөтү коюлган.

Даярдаган: Нурзида Тойгомбаева