“Бир күнгө баткан өмүр”


Үстүбүздөгү жылдын 5-декабрь күнү университетибизде Акбар Кубанычбеков “Бир күнгө баткан өмүр” аттуу семинар өттү. Семинар “Инсандык өнүгүү” студенттик клубу тарабынан уюштурулду.

Акбар Кубанычбеков учкун сөздөр менен студенттерге мотивация берип, жетишкен ийгиликтери менен бөлүштү. Ал өз сөзүндө «Көпөлөк канатын какса, Америкада куюн болот дегендей,бир инсан азыркы учурда сенин кан досуң болсо бир күн келип сенин касташкан душманың болуп калышы мүмкүн. Андыктан ар бир нерсеге кылдаттык менен мамиле жасашыбыз керек. Анан дагы мөмөлүү даракка дайыма таш ыргытышат.Эгер сенин артыңдан сөз кылып,сага асыла баштаса анда  сенин даражаңдын көтөрүлүп жаткандыгы. Бирок ага моюн бербей алдыга умтулуу керек»,-деди. Андан тышкары өлүмдү өлтүргөн ата-бабаларыбыз сыяктуу из калтырган инсандардан бололу деп кошумчалады.

Андан соң ырларын окуп берип, студенттердин суроолоруна жооп катары М.Атабековдун “Мурас” айтуу чыгармасын  жандуу үн менен ырдап да берди. Жыйынтыгында мыкты суроо берген студенттерге китебин белекке берди. Ал эми келип,студенттерге мотивация бергендиги үчүн ага ыраазычылык баракчасы тапшырылды.

Даярдаган: Аксаамай Назарбай кызы