Кыргызстан-Иран мамилелери


11-декабрь күнү университетибизде Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Али Можтаба Рузбеханинин студенттер менен жолугушуусу болуп өттү.

Алгач Кыргызстан-Иран мамлекеттеринин ар кандай багыттагы эки тараптуу ишмердүүлүгү туурасында маалыматтар айтылып,андан соң жалпы эле дипломатиялык алакалар кандай түзүлө тургандыгы тууралуу түшүндүрмөлөр берилди.

Ал эми Рузбехани мырза быйыл эки мамлекеттин ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнө 25 жыл толгондугун баса белгилеп: “Иран мамлекетинин калкы ар дайым Кыргызстандын эли менен түз алакада болуп,туруктуу кызматташуунун ниетинде экендигин толук түрдө айта алам”,-деп билдирди.

Иш-чара КТМУнун Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн башчысы Проф., докт. Метин Аксойдун  элчиге университеттин атынан белек берүүсү менен жыйынтыкталды.

Даярдаган: Акымбаев Алтынбек