“Spelling Bee” алгачкы оюнун өткөрдү


19-октябрда “Spelling Bee” программасынын бул окуу жылындагы биринчи оюну болуп өттү. Оюн үч бөлүктөн туруп, катышуучулардын англис тилиндеги сөздөрдү аудитория алдында тамгалап айтып берүүсү менен жүрдү. 

Таймашка жалпы 26 студент катышып, жыйынтыгында 1-орунга Абдуназарова Гүлжамал татыса, 2-орунду Канатбек кызы Асел, ал эми, 3-орунду Адисбекова Жанэль ээледи.

Бул программанын идеясы бир канча жыл популярдуу болуп келген Америка Кошмо Штаттарынан келген. Бугунку күндө  Spelling Bee Улуу Британияда, Австралияда, Жаны Зеландияда, Канадада жана Индонезияда өткөрүлүп келет. Бул жарыш акыркы жылдары абдан актуалдуу болуп, учурда дүйнө жүзүндөгү көптөгөн окуу жайларда өтөт.

Айта кетчү нерсе, бул программанын идеясы студенттердин англисче сүйлөөсүн өнүктүрүп, сөз байлыгын өстүрөт жана англис тилин туура колдонууну үйрөтөт. 

 

Кабарчы: Асел Шамилова