«Өзбекстандын улуттук мурастары» интеллектуалдык оюну болуп өттү


14-декабрь күнү университетибизде «Өлкөлөрдүн улуттук мурастары» аттуу интеллектуалдык оюндар сериясынын 1-оюну, «Өзбекстандын улуттук мурастары» деген темада болуп өттү. Оюн Өзбекстан Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен Бишкектеги ЖОЖдордон куралган командалар арасында жүргүзүлдү.


Иш-чара Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Эл аралык студенттер кординаторлугу тарабынан, улуттар аралык достук жана ынтымакты бекемдөө, боордош өлкөлөрдүн маданий баалуулуктары менен жакындан таанышуу максатында уюштурулду.


Ачылышында КТМУнун таанытым тасмасы коюлуп, андан соң университетибиздин ректору проф., докт. Себахаттин Балжы ачылыш сөзүн сүйлөп,биздин университеттин эшиги башка окуу жайдын студенттери үчүн да ар дайым ачык экендигин билдирди. Ал эми Өзбекстан Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлү уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдирип, ушундай иш-чаралардын негизинде гана ынтымакты чыңдоого болоорун айтып, мындан аркы иштерине ийгилик каалады.
Калыстар тобунун төрайымы тарых бөлүмүнүн ага окутуучусу Роза Абдыгулова болсо, ал эми мүчөлөрү Студенттик иштер башкармалыгы Студенттер жана бүтүрүүчүлөр менен иш алып баруу филиалынын жетекчиси Кыял Турдакунова жана Өзбекстандык бүтүрүүчүбүз Абдысаттар Инанов болушту.


Оюн 2 турдан туруп, 1-турунда командалык таймаш болсо, 2-турда мыкты оюнчуну тандоо туру болду. Жыйынтыгында 9 университеттин арасынан 1-орунду И.Арабаев университетинен «Билге» командасы , 2- орун Бишкек Гуманитардык университетинен “Омад” командасы, ал эми 3-орунду Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин “Манас” командасы багындырышты. Мыкты оюнчу наамын болсо, И.Арабаев университетинен келген «Билге» командасынын мүчөсү Хайдаров Курманбек алды .


Жыйынтыгында сыйлоо аземи болуп, жеңүүчүлөр грамота жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Даярдаган: Аксаамай Назарбай кызы