Ааламдашуу шартында кыргыз жаштары жана мүмкүнчүлүктөр


Үстүбүздөгү жылдын 17-декабрында BIOLIFE клубу тарабынан Касым Тыныстанов жыйындар залында инсандык сапаттарды өнүктүрүү боюнча тренер, педагог Асылбек Жоодонбековдун  катышуусунда семинар болуп өттү.

Семинардын жүрүшүндө “Ааламдашуу шартында кыргыз жаштары жана мүмкүнчүлүктөр” аттуу темада кеп козголуп, азыркы учурдун глобалдуу маселелелирине да токтолуп өттү.

Асылбек Жоодонбеков берген маегинде “Ааламдашуу доорунда өзүңөрдү өнүктүрүүнү токтотпогула. Бул учурга чейин силердин курагыңардагы эч кимге мындай мүмкүнчүлүк берилген эмес. Бардыгы өз колуңарда. Өзүңөрдү дүйнөлүк алкакта өнүктүрүп, өзүңөр таң кала турган жыйынтыкка жетишсеңер болот”,- деген кеңештерин берди.

Иш-чаранын соңунда студенттердин кызыккан суроолоруна жооп берилип, ыраазычылык баракчасын тапшыруу жана жалпы сүрөткө түшүү менен семинар жыйынтыкталды.

Даярдаган: Мелис кызы Луиза