«Ойлоншоу» клубу алгачкы оюнун өткөрдү


20-октябрда «Ойлоншоу»  интеллектуалдык оюнунун алгачкы оюну өткөрүлдү.  Оюндун темасы  «Келечекти ойлосоң, өткөндү эске сал» деп аталып,  жалпысынан 10 команда катышты.

 Алгач  командаларга оюн тууралуу маалымат берилип, өткөн жылкы оюндардын кыскача видеоролиги көрсөтүлдү. Катышуучулар эки турдан өтүп, оюнда кыргыз элинин тарыхы, баалуулуктары жана тамак-аштарына байланышкан суроолорго жооп беришти.

Оюндун соңунда жеңүүчүлөр аныкталып, биринчи орунду  «Олимп»,  экинчи орунду  «Сабат» ээлесе,  үчүнчү орунга «Mind mix” командасы татыктуу болду. Жеңүүчүлөргө «Ыйман» фонду тарабынан китептер ыйгарылды. Өзгөчө «Олимп» командасына «Жал» кинотеатрынан «Үркүн» фильмине 4 билет берилди.

 

Кабарчы: Нурзида Тойгомбаева