Чыңгыз Айтматовдун урматына уюштурулган иш-чара


12-декабрь күнү залкар жазуучу, публицист,коомдук ишмер Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына утурлай КТМУнун Студенттик кеңеш башкармалыгы тарабынан жарыяланган “Айтматов жумалыгынын” жыйынтыктары чыгарылып,сыйлоо аземи уюштурулуп жана калемгердин өмүр таржымалы,чыгармачылыгы туурасында интеллектуалдык оюн өткөрүлдү.

Иш-чара жазуучуну бир мүнөттүк эскерүү менен башталып, андан соң Студенттик кеңеш башкармалыгынын төрагасы Нурсултан Абдимиталип уулу сөз сүйлөп: “ Бүгүнкү жаштар Чыңгыз Айтматов сыяктуу улуу инсандардан өрнөк алып, жалпы коомго пайда алып келе тургандай жашоосу абзел”,-деп билдирди.

Ага утурлай эле ,жазуучунун урматына КТМУнун клубдары жана комитеттери арасында “Айтматов ааламы” аталышындагы интеллектуалдык оюн өткөрүлүп, жалпы 16 тайпа ат салышты. Оюндун жыйынтыгында, 1-орунду Экономика клубунун “Ак кеме” тайпасы багындырып, 2-орунга Ойлоншоу интеллектуалдык клубунун “Miracle” тайпасы ээ болду, ал эми 3-орунга Экономика клубунун “Кеменгер” тайпасы татыды.

Андан соң, сыйлоо аземи орун алып, жеңүүчү деп табылган тайпалар дипломдор, баалуу белектер, акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Мындан сырткары,жумалыктын алкагында өткөрүлгөн көркөм окуу боюнча инста-конкурстун негизинде Алия Азимова жеңүүчү деп аталды. Ал эми даярдоо курсунда билим алып жаткан студенттердин арасында уюштурулган дилбаяндар сынагында 1-орунду Майрамкүл Исмаилова, 2-орунду Айжан Алмазбекова, 3-орунду Турсунай Жаныбек кызы ээлешти.

Белгилей кетсек, кыргыздын дүйнөгө таанымал жазуучусу Чынгыз Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Талас өрөөнүнүн Шекер кыштагында жарык дүйнөгө келген. Быйыл алп калемгер көзү тирүү болгондо 90 жашка чыкмак.

Даярдаган:Акымбаев Алтынбек