Жаңы жылга карата концерт уюштурулду


18-декабрь күнү университетибиздин Көркөм өнөр факультетинин музыка бөлүмүнүн мугалимдери жана студенттери келе жаткан жаңы жылга арналган концерт уюштурушту. Концерт Көркөм өнөр факультетинин окутуучусу Гөкхан Усал тарабынан даярдалды. Концертте окуу жайыбыздын бүтүрүүчүлөрү Азат Садыков, Сырга Сагынбекова жана ар кандай конкурстарга катышып, өз активдүүлүгүн көрсөтүп жүргөн студенттер таланттарын тартуулашты.


Көңүл көтөрүп, ар бир инсандын өткөн кезин эске салган,түрк дүйнөсүн тааныткан чыгармалар оркестрдин коштоосунда аткарылды.


Ректор проф.,док. Себахаттин Балжы өз сөзүндө: “Биздин студенттер мындай таланты менен дүйнөлүк жарыштарга да катышса болот”,- деген оюн билдирди. Ал эми биринчи проректор проф.,док. Асылбек Кулмырзаев уюштуруучуларга жагымдуу маанай тартуулаганы үчүн ыраазычылыгын билдирип, келе жаткан Жаңы жыл майрамы менен куттуктады.

Даярдаган: Аксаамай Назарбай кызы