Маектешүү кеченин кезеги Экономика жана башкаруу факультетинде


20-декабрь күнү университетибиздин ректору проф., док. Себахаттин Балжы, проректор проф., док. Анварбек Мокеев Экономика жана башкаруу факультетинин студенттери менен маектешүү кечесин өткөрдү.


Маектешүү кече окуу жайдын таанытым фильмин көрсөтүү менен башталды. Ректор маегинде биздин студенттер университетибиздин ураандарына татыктуу болушу керек экендигин айтты. Ал өз сөзүндө “Башкаларга окшош болуу силерди эч качан биринчи кыла албайт. Андыктан дайыма башкалардан айырмаланып,өзгөчө идея менен жашаган инсан болгула”,-деди.


Ал эми проректор проф.,док Анварбек Мокеев “Эшикте суук болуп жатканда жылуу кийинип ден-соолугуңарды жакшы карагыла”,- деген жылуу сөзү менен бирге студенттердин университетибиздеги жаман көрүнүштөргө жол бербеши керек экендигин айтып, тартипке чакыра кетти.


Эскерте кетсек, буга чейин ректор менен биринчи проректор гуманитардык факультеттин студенттери менен маектешүү кечесин өткөргөн.

Даярдаган: Аксаамай Назарбай кызы