“Тамашоу хазырлык” кубогу ээсин тапты


Үстүбүздөгү жылдын 18-декабрында университетибизде “Тамашоу хазырлык” кубогу өткөрүлдү. Оюнга жалпысынан 7 команда катышып, мурунку өткөрүлгөн оюндардын жеңүүчү командасы конок катары өнөрлөрүн тартуулашты.

Тамашоу “Ким тапан” жана “Фристайл” конкурстары менен өткөрүлүп, командалардын даярдыктары сыналды. Калыстар тобунан берилген суроолорго ыкчам, тамашалуу жооп табуу жана даярдап келген тамашаларын тартуулоо менен курч атаандаштыктагы оюндун жыйынтыгында 3-орунду “Рассвет” командасы ээлесе, 2-орун “Чача-мача” командасына берилди . Ал эми күндүн жеңүүчүсү деп “Позитив” командасы табылып кубоктун ээси аталды. Ошондой эле “Мыкты оюнчу”, “Мыкты тамаша” жана “Мыкты команда” да аныкталды.

Сыйлоо аземинде  Сыйлыктарды Студенттик кеңештин төрагасы Нурсултан Абдимиталип уулу жана анын орун басары Месуд Жан Бинзет тапшырышты.

Даярдаган: Мелис кызы Луиза