Ректор менен жолугушуу


21-октябрда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, проф., док. Себахаттин Балжы, “Manas LIFE” студенттик порталынын мүчөлөрү менен жолукту.

Жолугушууда “Manas LIFE” курамы аткарган иштери боюнча презентация кылып, эң көп көрүүчү топтогон видеолор көрсөтүлүп, ар бир мүчө өзүн тааныштырды.

Ректор, студенттердин жасап жаткан иштерине терең ыраазычылык билдирүү менен бирге студенттик порталга ар тараптуу колдоо көрсөтүлөөрүн баса белгиледи. 

Айта кетсек, “Manas LIFE” порталы 2015-2016-окуу жылында Студенттик Кеңештин демилгеси менен ишке киргизилген. 2016-2017-окуу жылынан баштап студенттик портал Студенттик иштер башкармачылыгынын Координациясында ишин улантып келет. Кыска убакыттын ичинде көптөгөн күйөрмандарга ээ боло алган биринчи маанайшат жана эркин портал болуп саналат. Ал эми курамы өзүн ар тараптан өнүктүрүүнү каалаган жана келечекте өздөрүн медиа жаатында көргүсү келген студенттерден топтолгон. Порталдын башкы максаты университеттин жашоосун сапаттуу, кызыктуу, жандуу жана маанайшат мүнөздө чагылдыруу.

 

                                                                                                               Кабарчы: Асел Шамилова