Бүтүрүүчүлөрдүн 7-кышкы экскурсиясы өттү


Университетибиздин Бүтүрүүчүлөр Ассоциациясы тарабынан жыл сайын өткөрүлүп келе жаткан cалттуу кышкы экскурсиясынын жетинчиси 2019-жылдын 26-январында “Зил” лыжа базасында өткөрүлдү. Экскурсияга окуу жайдын жетекчилери, окутуучулар, 80ден ашык бүтүрүүчүлөр жана активдүү студенттер катышышты.

Экскурсияга келген университетибиздин ректору проф., докт. Себахаттин Балжы жана биринчи проректору проф. докт. Асылбек Кулмырзаев Бүтүрүүчүлөр Ассоциациясына ыраазычылыгын билдирип, бүтүрүүчүлөр менен студенттердин биримдикте болуусу чоң мааниге ээ экенин баса белгилеп, университет жетекчилиги ар дайым студенттери жана бүтүрүүчүлөрү менен бирге болуп, аларга бардык жактан колдоо көрсөтө тургандыгын айтып өтүштү.

Бүтүрүүчүлөр Ассоциациясынын төрагасы Серхат Атмажа жана төрага жардамчысы Кыял Турдакунова болсо, 5-салттуу кышкы экскурсиянын өткөрүлүүсүнө колдоо көрсөткөн Ректорубуздан баштап, бардык жардам бергендерге жана катышуучуларга терең ыраазычылыктарын билдиришип, бүтүрүүчүлөрүбүз жана студенттерибиз бир чоң үй-бүлө экенин айтышты.

Катышуучулар көңүлдүү эс алуу менен бирге чогуу тамактанышып, эстеликке сүрөткө түшүштү.