БУУда иштөө үчүн кандай сапаттарга ээ болуу керек?


21-октябрда  “БУУ да иштөө үчүн кандай сапаттарга ээ болуу керек?” темасынын алкагында 

БУУнун Кыргыз Республикасындагы Тынчтыкты куруу фондунун (ТКФ) катчылыгынын жетекчиси Улан Шабынов  жана БУУнун “Туруктуу Өнүгүү” программасынын жетекчиси Кумар Кылычев семинар өттү. 

Семинарда БУУнун программалары жана ага кабыл алынуу жол-жоболору тууралуу  айтып беришти. Ага ылайык, БУУга кызматкерлер конкурс аркылуу тандалып алынат. Конкурска катышуучунун иш тажрыйбасы, лидерлик сапаты жана англис тилин жакшы билгендиги жумушка кабыл алынуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатат. Ал эми студенттер БУУда стажировка өтүү үчүн  Kg.undp.org сайты аркылуу маалымат алып, белгиленген мөөнөттөрдө документтерин тапшыра алышат.

Мындан тышкары семинар өтүүчүлөр өзүлөрүнүн иш тажрыйбалары менен бөлүшүп, студенттердин суроолоруна жооп беришти.

Эске сала кетсек, БУУ 24-октябрда 1945-жылы түзүлгөн. Ал эми Кыргызстан ага 1992-жылы мүчө болуп кабыл алынган. Семинар БУУнун түзүлүш күнүн куттуктоо программасынын алкагында өткөрүлдү.

                         Кабарчы: Адинай Курманова