Президенттер тууралуу өткөрүлгөн акыл таймаш


Үстүбүздөгү жылдын 8-февраль күнү К.Тыныстанов жыйындар залында Студенттик кеңеш башкармалыгына караштуу “Ойлоншоу” интеллектуалдык клубунун 3-оюну уюштурулду. Оюн “Президенттер” деген теманын алкагында өткөрүлдү.


Алгач комузда кол ойноткон комузчулар Жаабаев Аман жана Элмира Темирбекова белгилүү күүлөрдөн аткарып беришти, андан соң оюнга орун берилди. Оюндун жүрүшүндө дүйнөдөгү өлкө башчыларына байланыштуу кызыктуу фактыларга негизделген суроолор берилди.


Оюн тең чыгуулар менен коштолуп, кошумча берилген суроолордун жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталды. Натыйжада, 3-орунду “Чемпион”, 2-орунду “Ойчулдар” тайпасы ээледи. Ал эми “Эверест” тайпасы экинчи ирет жеңишке жетишип, биринчиликти багындырды.

Мындан сырткары, ”Мыкты оюнчу” номинациясы боюнча жарыш болуп, ал наамга Бостонбек Бабаев татыктуу болду. Жеңүүчүлөргө адабий китептер жана сыйлоо баракчалары тапшырылды.

Даярдаган:Акымбаев Алтынбек