Таанытуу иш-чарасы


Үстүбүздөгү жылдын 7-февралында Кыргыз-Түрк Анадолу кыздар кесиптик лицейинин 11-классынын окуучуларына университетти таанытуу программасы уюштурулду.
Жалпы 24 окуучуга университет боюнча маалымат берилип, кампус менен толук таанышуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Окуучулар ар бир факультетти кыдыруу менен бирге студенттер үчүн түзүлгөн шарттарды дагы көрүп кайтышты.


Ал эми лицейдин 11-классынын окуучусу Салмоорбекова Элина университет боюнча ойлору менен бөлүштү: “Мен бул күнгө чейин университетти мынчалык таанычу эмесмин. Студенттерге түзүлгөн шарттар, мүмкүнчүлүктөр мага аябай жакты. Айрыкча ветеринар факультетиндеги практика жасоо үчүн түзүлгөн шарттары мени таң калтырды”.


Белгилей кетсек, лицейдеги окуучуларды атайын 2 тайпагы бөлүп көрсөтүү пландалган болчу. Бул жолкусунда 1-тайпага таанытылса, 13- февраль күнү 2-тайпанын окуучулары үчүн кайрадан бул иш-чара жүргүзүлөт. Ал эми бул программа университет тарабынан берилген түшкү сый тамак менен жыйынтыкталды.

Даярдаган:Мелис кызы Луиза