"Манастын сыймыктары" видео форматында


“Манастын сыймыктары” долбоору жумасына эки жолу орус жана кыргыз тилдеринде даярдалып, жазуу түрүндө жарыяланып келсе, мындан ары видео форматында да чыга баштайт. Учурда алгачкы видеосу тартылып, элге тартууланганы турат. 

Долбоордун жетекчиси Билимбек Бактыбеков: “Үлгүлүү студенттерден тышкары, белгилүү бүтүрүүчүлөрүбүз менен да маек куруп, ал аркылуу жаштарга мотивация берүү максатыбыз бар. Ошондой эле англис жана түрк тилдеринде да даярдап, төрт тилде чыгарсак деп турабыз. Бул тилдерде жаза билген  таланттуу Манастыктарды командабызга чакырабыз”,- деп билдирди. 

Белгилей кетсек, долбоор 2015-жылдын 18-мартында негизделип, илимий, спорттук, маданий ийгиликтерди жараткан жана окуудагы жетишкендиктери менен башкаларга үлгү болгон студенттер менен  маек куруп,  жарыялап келүүдө. Бүгүнкү күнгө чейин элүүгө жакын интервью алынган.. 

2016-2017-окуу жылында университетибиздин Студенттик иштер башкармачылыгынын координациясында өз ишин улантып жаткан долбоор студенттер менен гана чектелбей, масштабын чоңойтууну максат кылууда. Учурда долбоордо Билимбек Бактыбековдун  жетекчилиги менен Адина Эсентурова жана Мирайым  Аманбекова  эмгектенип келүүдө

 

Кабарчы: Адинай Курманова