“Ойлоншоу” беш жашта!


18-февраль күнү К.Тыныстанов жыйындар залында Студенттик кеңештин “Ойлоншоу” интеллектуалдык клубунун 10-сезонунун 4-оюну уюштурулуп, ага утурлай клубдун түзүлгөндүгүнүн 5 жылдыгы белгиленди.

Иш-чара «Hazırlık» жана «Санжыра» бийчилер тобунун номери менен ачылып, андан соң жаш ырчы Шайыр Бакытбекова өз талантын тартуулады. Ал эми ачылыш сөзүндө Студенттик кеңештин төрагасы Нурсултан Абдимиталип уулу клубдун университет үчүн баалуулугун баса белгилеп:  “Ойлоншоу” интеллектуалдык клубу –университетибиздеги студенттердин акылын өстүрүүдө, интеллектуалдык потенциалын жогорулатууда  зор мааниге ээ”,-деп билдирди.

Юбилейлик оюн “Дүйнө десерттери” деген теманын алкагында өткөрүлүп, дүйнөдөгү түрдүү улуттардын ашканасына таандык десерттер, деликатестер, кондитердик азыктар туурасында суроолор берилди.

Оюнда жалпысынан 14 тайпа ат салышып, кызуу таймаш жүрдү. Жыйынтыгында 3-орунду “Аалам” тайпасы ээлесе, 2-орунга “Чемпион” тайпасы татыктуу болду, ал эми “Ак шумкар” тайпасы 1-орунду багындырды. Андан сырткары “Мыкты оюнчу” номинациясы боюнча жарыш болуп, ал наамга бул ирет өзгөчөлөнүп, үч оюнчу татыктуу болду. Алар: Эмилбекова Саадат, Жапарова Даткайым жана Бекболотов Даут.

Жеңүүчүлөргө “Феникс ГРУПП KG” ишке орноштуруучу компаниясы тарабынан сертификаттар жана сыйлоо баракчалары тапшырылды.

Даярдаган: Акымбаев Алтынбек