Кезектеги акыл таймаш


26-февраль күнү К.Тыныстанов жыйындар залында “Ойлоншоу” интеллектуалдык клубунун кезектеги 5-рейтингдик оюну уюштурулду. Оюн “Архитектура”  темаcынын алкагында өткөрүлүп, жалпы 10 тайпа ат салышты.

Иш-чара Кадыралы Турунбековдун ыр аткаруусу менен башталып, андан соң жаш акындардын бири Тариель Акназаров өз ырларынан көркөм окуп берди. Ага утурлай, «Мага жагат» тамашоучулар командасы  залда отургандарды күлкүгө бөлөп, жагымдуу маанай тартуулады.

Оюн 3 тур менен өткөрүлүп, жалпысынан дүйнө жүзүндөгү архитектуралык курулуштар, имараттар, белгилүү архитекторлор туурасында суроолор берилди. Жыйынтыгында, 3-орунга “Инженерлер ” тайпасы татыса, 2-орунду “Ойчулдар” тайпасы ээледи, ал эми “Бетме-бет” тайпасы 1-орунду багындырды.

Мындан сырткары, “Мыкты оюнчу” номинациясы боюнча жарыш болуп, ал наамга Артур Расулбеков татыктуу болду. Жеңүүчүлөргө «Аксы» жаштар коому тарабынан адабий китептер, “Авемлис” ишке орноштуруучу компаниясынан сертификаттар жана сыйлоо баракчалары тапшырылды.

Даярдаган: Акымбаев Алтынбек